Президент Салык кодексине өзгөртүүнү бекитти

14 мая 2019, 09:15

 Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков  «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү  жана түзөтүүлөрдү киргизүү» тууралуу  мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Жогорку Кеңеш  тарабынан  2019-жылы 4-апрелде кабыл алынган. 

«Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын аймагынедагы эркин экономикалык зоналар боюнча мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жөнгө салуу», —деп жазылат КР президентинин расмий  сайтында. 

Мыйзам  2019-жылдын 1-январынан  тарта күчүнө кирген.