Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 434 млн долларга долбоорлорду каржылаган

11 мая 2021, 16:10

Ушул жылдын 1-майына карата Кыргыз-орус өүктүрүү фонду тарабынан 434 миллион долларга бааланган 2949 долбоор каржыланган, деп билдирди фонддун басма сөз кызматы.

Алардын айтымында, жактырылган долбоорлордун көпчүлүгү Бишкек, Каракол шаарында жана Талас облусунда. Эң азы Баткен жана Нарын аймактарында.

Ошол эле учурда, долбоорлордун жарымы өндүрүш тармагына (30%) жана агроөнөр жай комплексине (23%) багытталган. Логистика, транспорт жана инфраструктураны өнүктүрүү жалпы суммадан 12% каржыланды.