Туркияга барып иштөө $200 арзан болду
2019-жылдын 26-июндан тарта Туркияга иш издеп кеткендер үчүн пакет документтер Бишкек элчилигинде $80 болуп, арзандады.
Анын ичинде:
— эмгек визасын алууга — $30;
— Виза борборунун комиссиялык чыгымы (аутсорсинг кызматы үчүн) — $50.
Айтмакчы, буга чейин Кыргызстандык жарандар Туркияга кетип, иштөө үчүн $283 коротуп келишкен
«Кыргыз жарандары үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү Туркиядагы туристик сезонго байланышту», —деп билдирет Тышкы иштер министрлиги.
Мындан тышкары, ишке уруксат алуу үчүн $220 каражат алынып салынды. Эми бул каражатты жумуш берүүчү өзү төлөйт.
Мындан тышкары Кыргызстандын жарандарын тейлөө максатында10-июндан тарта Бишкектин Раззаков көчөсү, №2 Виза борбору ачылды.