Калктын аяр катмарына өкмөттөн 122 млн сом бөлүнөт

21 апреля 2020, 13:15

Бүгүнкү Республикалык жыйында, аз камсыз болгон жарандарды колдоого алуу жана аларга даректүү көмөк көрсөтүү боюнча тутумдуу иш жүргүзүлүп жаткандыгын вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. 

«Калктын социалдык жактан аз камсыздалган катмарына колдоо көрсөтүү боюнча иш ыкчам жүргүзүлүп, ар бир муктаж үй-бүлө жардамсыз калбашы керек. Жакын арада чыккан Өкмөттүн чечими менен 122 миллион сом калктын аяр катмарын колдоого алуу үчүн бөлүнүүдө. Бир үй-бүлөгө 800 сомдук азык-түлүк топтому даярдалат. Учурда аларды жеткирүү маселеси каралууда», - деп белгилеген биринчи вице-премьер-министр.

Ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн түшкөн жардамдар боюнча бардык маалыматтар  коомчулукка берилип жатканы айтылды. Бардык гуманитардык жардамдарды жана аларды бөлүштүрүүнү онлайн режиминде көрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн атайын платформа иштелип чыкты.