Ошто 21-майдан тарта соода борборлор, автоунаа базарлар ж.б. тармак ишин баштайт

20 мая 2020, 14:10

Республикалык штабдын 21-майдан тарта ишке кире турган тармактар туурасында чечими чыккан. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев брифингде билдирди.

 

Анын айтымында, аталган чечимге Ош шаарынан дагы сунуштар киргизилген.

Турдуев 21-майдан баштап төмөнкү тармактар ишке кирерин айтат:

Калкты тейлөө борборлору; Калкты тиричилик жактан тейлөө борлорлору:

- бут кийим, саат оӊдоо ж.б.;

- эмерек чогултуу жана оӊдоо.

-Соода борборлору;

-Автоунаа базарлары;

-Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

-Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү – коомдук мончолорду, сауналарды кошпогондо.

-Мейманканалардын ишмердүүлүгү (мейманканалардын алдындагы бассейндерди жана машыктыруучу залдарды кошпогондо).

Ал эми 25-майдан тарта:

-Коомдук унаалар;

-Буюм-тайым саткан базар, дүкөндөр;

-Коомдук тамактануу жайлар: кардардын саны 50дөн ашпашы керек жана аралыктар 1,5 - 2 мерт болушу шарт.