Россия бардык авиакаттамдарын токтотот

26 марта 2020, 13:10

Россиянын Өкмөтү Росавиацияга 27-марттан тарта чет өлкөгө каттаган жана чет өлкөдөн Орусияга каттай турчу авиакаттамдарды токтотууга буйрук берди. Бир гана орусиялыктарды ата-мекенине жеткирүүчү рейстер токтотулбайт. Бул тууралуу BBC басылмасы кабарлады. 

Чет жерде жүргөн орусиялыктар ата-мекенине кайтуу үчүн 27-мартка чейин «Аэрофлотко» фамилияларын тапшыруу керек. РФ Тышкы иштер министрлиги, дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн Россияга март айынын аягынде же апрелдин башында келчү рейстердин тизмегин жарыялады.