Россия доллардан баш тартып, юань менен еврону сатып алууда

8 мая 2019, 18:00

Россиянын  борбордук  банкы 2018-жылы  доллардагы активдерин эки эсе төмөндөтүп, тескеринче юань менен  евродогу актвдерин көбөйткөн.Бул Борбордук банктын жылдык отчетунда байкалганын lenta.ru белгиледи. 

Алсак, Борбордук банктын бир жыл мурдагы активинде доллар алдынкы позицияда — 45.8% турган. Эми ал 22.7% кыскарган. Ушул эле маалда евронун үлүшү 21.7% дан 31.7% көтөрүлүп, а юань —  2.8% дан 14.2% көбөйгөн.

Географиялык активдердин жайгашуусу дагы былтыр өзгөрүп, америка доллары 29.9% дан 9.7% түшсө, кытайдын үлүшү 2.6% дан 14.1% жогорулаган.

 2018-жылы  алтынвалюта резерви көбөйүп $36.1 млрддан  $473.9 млрддка чейин өскөн. Алардын ичинде валюталык активдер — $385.8 млрд, алтындын активи — $85.6 млрд түздү.