Россия-Кыргыз өнүгүү фонду кризиске каршы экинчи пакетин бекитти

27 июля 2020, 10:45

24-июлда Россия-Кыргыз өнүгүү фонду кризиске каршы чакан жана орто бизнес үчүн экинчи кризиске каршы пакетин иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

 

Кризиске каршы чаралардын комплекси COVID-19 пандемиясынын кесепетинен улам кабыл алынган. 

Анда төмөнкүлөр камтылган: 

  • Насыянын мөөнөтүн үч айга узартуу менен, негизги карызды төлөөнү кийинкиге калтыруу:
  •  үч айлык мөөнөткө АКШ долларында каржыланган пайыздарды төлөөгө мораторий жарыялоо: 

Насыяны төлөө графигине кана өзгөрүүлөр киргизилип, толук реструктуризация болгон эмес. 

Фонддон жардам алуу үчүн каржылоону жактырган өнөктөш банкка же микрофинансылык уюмга кайрылуу керек.