Россиялыктарды май майрамында алдамчылардан сак болууга чакырды

6 мая 2019, 12:43

Учурда Россияда алдамчылар юридикалык жактар менен банктарды эмес, карапайым элди алдоого өткөн. Анын айынан көпчүлүк адамдардын банк эсептери май майрамында аярлуу болуп жатканын  «Коммерсант» жазып чыкты. 

«Май майрамы маалында юридикалык жактар менен банктар операция жасабагандыктан, шылуундар жөнөкөй адамдардын эсебине чабуул жасашы активдешет. Алдамчылар электрондук төлөм системасына мыйзамсыз кирсе, айрым учурда адамдардын ишеничине кирип, алардын пайдасына акча которууга түртөт», — деп билдирди «Сбербанктын» маалымат кызматы.

Майрамда адамдар эс алууда болгондуктан, айрым жагдайларды этибар албай, карталары аркылуу жасалган операцияларда ката кетирип жатканы маалда алдамчылар оз пайдасына колдонушуу мүмкүн деп эскерти «Инфосистемы Джет»  ишканасынын алдамчыларга каршы кызматынын башчысы Алексей Сизов.

Карталар аркылуу көп жасалган транзакциялардын кайсынысы мыйзамсыз экенин сезбей калышы мүмкүн. 

Россияда 2018-жылдан бери  нак эмес төлөмдөрдун көлөмү  44%  өсүп,  1.385 млрд рубль суммасында операциялар жасалган. Россиянын Банкы билдиргендей  алдамчыларга байланышкан операциялардын саны  416.93 минге жетип, мыйзамсыз операциялардын суммасы  3.32 миң рубль болуп, кылмыш  10% жогорулаган.