Садыр Жапаровдун алгачкы расмий иш сапары Казакстанда болот

11 января 2021, 13:45

Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында жеңүүчү аталган Садыр Жапаровдун алгачкы расмий иш сапары Казакстанга болору айтылды. Бул тууралуу Ак-Ордонун маалымат кызматына таянып, өзбекстандык басылмалар жазды.

 

 

Маалыматка ылайык, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, ага расмий сапар менен Астанага келип кетүүсүн сунуштаган. Токаев менен Жапаров бүгүн телефон аркылуу баарлашкан. Анда эки тараптуу кызматташтык талкууланган.

Ак-Ордонун маалыматында Токаевдин чакыруусун Жапаров кабыл алып, ыраазычылык билдирген.