Саламаттык сактоо министрлиги тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялады

9 августа 2020, 11:00

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тез жардам унааларын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Берилген арызга ылайык, министрлик 37 толук жабдылган тез жардам унааларын сатып алууга 145 миллион сом сарптоону пландаштырууда.

  • 4x2 тез жардам унаасы (10 унаа) - 42 миллион 297,4 миң сом;
  • 4x4 тез жардам унаасы (27 унаа) - 102 миллион 702.6 миң сом.