Салык кызматында мыйзамсыз ташылган товарларды маалымдоо үчүн түз номуру ишке кирди

5 ноября 2019, 15:10

Мамлекеттик салык кызматында мыйзамсыз ташылган товар жана күйүүчү май боюнча кабарлаган фактыларды кабыл алган түз номуру ишке кирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Жарандар шектүү товарлар жөнүндө (0312) 61-31-89 жана (0779) 61-31-89 WhatsApp номуруна кабарласа болот. WhatsApp номуруна күнү-түнү маалымат жөнөтсө да кабыл алына берет. Ал эми (0312) 61-31-89 номуру эртең мененки саат тогуздан 18:00гө чейин иштейт. Майрам жана эс алуу күндөрү телефон чалып маалымдаган кабарлар техниканын эс тутумунда жазылып турат.