Эсептөө палатасы 2023-жылга чейин IT-технологиясы боюнча стратегиясы бекитилди
Кыргызстандын Эсептөө палатасынын кеңеши 2019-2023-жылдарга карата маалыматтык-коммуникация технологиялары боюнча стратегиясын бекитти.
Документ Сооронбай Жээнбековдун 2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата жана санариптик трансформация «Санариптүү Кыргызстан — 2019-2023» долбоорунун алкагында кабыл алынган.
«Маалыматтык-коммуникация технологиялары (ИКТ) стратегия Эсептөө палатасындагы IT-инфраструктурасынын комплекстүү өсүүсүнө багытталган. Анда ишмердиктин ачыктыгы менен эффективдүүлүгү негизги багыт болуп саналат», —деп билдирди Эсептөө палатасынан.