Россия Кыргызстанга акча которууга чек койду

29 апреля 2019, 10:45

Россиянын Борбордук банкы Вьетнам, Кытай, Кыргызстана менен Казахстан мамлекеттерине гана чектөө киргизди. Борбордук банк күмөн жараткан операцияларды токтотуу үчүн кабыл алды деп билдирет «Ведомости» басылмасы.

 16-апрелден тарта  акча которууларга чектөө киргизилди.  Эми Россияда жүргөн кыргыз мигранттары же бизнес өкүлү айына 100 мин руль гана жөнөтө алат. А Казахстандыктар Кыргызстандыктарга караганда элүү миң көбүүрөк 150 миң рубль айына Казахстанга которо алат. 

«Чектөөнү Борбордук банк койгон. Анткени, финансыны жөнгө  салуучу көмүскө, күмөндүү, каттоосуз ишкерлерди жөнгө салууну көздөдө. Рыноктордо соода кылган чет элдик жарандар товар сатуудагы акчаларын ишкер катары каттабай, мекендерине жөнөтүүдө. Эч кандай юридикалык жак болуп көрсөтпөй жатат», — деп жазат басылма төлөм системасындагы булактарына таянып. 

Бул чектөөлөр тууралуу  Россиянын Борбордук банкы январда эле эскертип баштаган. Анда банктык эсеп ачпай туруп, күмөн жараткан акча которуулар катталып жаткандыгы тууралуу  билдиришкен.