В Кыргызстане предлагают снизить налог на прибыль

20 мая 2019, 14:50

Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров  фискалдык саясаттагы реформа боюнча пресс-конференцияда, ири инвесторлорду тартуу үчүн экономикадагы либералдашуу жасалгандыгы тууралуу билдирди. 

Анын  айтымында  ачык экономика эл аралык соодага жол ачып, жергиликтүү ишкерлерди  тышкы сатууга чыгарат.

«Сунушталган мыйзамга ылайык киреше салыгы 10% дан  3% кыскарат. Ушул эле учурда дивидентке салык салынбай 0% калат. Ошентип, салык алты эсе төмөндөдү деп», — деп билдирет Кадыров.

Мындан тышкары  «Жеке жактардын ыктыярдуу декларация толтуруу» тууралуу мыйзамына өзгөртүүлөр жөнүндө түшүндүрүү жасады. Эгерде азыр мүлкүн, байлыктарын декларацияга киргизсе, анда аны мыйзамдаштырууга жол ачылат. Бул көмүскө экономикага каршы эффективдүү күрөш.