24-апрелге «Стамбул-Бишкек» чартердик аба каттамын уюштуруу пландалууда
Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрү тарабынан жетишилген макулдашуулардын негизинде 24-апрелге «Стамбул-Бишкек» багыты боюнча чардердик каттам уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Кыргызстандын жарандарын алып кетүү Кыргызстандын Түркиядагы чет элдик мекемелери 2020-жылдын март айынан бери түзүп жаткан тизмелерге ылайык ишке ашырылат. Биринчи кезекте кары адамдар, балдар, аялдар, ошондой эле саламаттыгынан көйгөйлөрү бар жарандар алынып келет», - деп айтылат маалыматта.
Учурда Кыргызстандын Түркиядагы чет элдик мекемелери Кыргызстандын жарандарын Түркиянын шаарларынан Стамбулга келиши үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат алуу маселесинин үстүндө иш алып барууда.