Айчүрөк дүр-дүйнө дүкөнү $1.5 млн оңдоо ишине короткон

16 мая 2019, 14:10

 2018-жылы «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнү имаратын ондоого  $1 млн 523 миң 570 каражатт короткон. Бул тууралуу маалымат жылдык отчетто жанырды. 

LED-экрандарды ижарага берүү бул соода борборунун кирешесин 7 млн сомго көбөйтөт.

«Имараттын тышын оңдоого 58 млн сом жумшалган.  LED-экрандын айланта курууга 42 млн 176 миң 305 сом кеткен. Ал эми «Айчүрөк» ээн белгисин түшүрүүгө 767 миң 648 сом, автоматтык ачылган эшиктер менен эвакуациялык эшиктерге  5 млн 477  мин 450 сом коротулган», —  деп компания тууралуу маалыматта. 

Былтыр  соода борбору  жылды кирешелүү  аяктаган. Айчүрөк имаратын жана ага жакын жайгашкан аймагын оңдоп түзөө жүргүзүп, жаңыланууга барды. 

 2018-жылы  соода борбору  70 квадрат метр жерди ижарага берип, андан  3 млн сом киреше алган.