Ташкенттин мэри батир ээлерине кайрылып, ижара акысын талап кылбай турууга чакырды

14 апреля 2020, 09:40

Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаев шаардагы батир ээлерине кайрылып, анда жашагандардан убактылуу ижара акысын талап кылбай турууга чакырды. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттиги жазды. 

«Бул күндөр бардыгыбыз үчүн сыноо. Мындай шартта бири-бирибизди колдоп, жардам беришибиз керек», — деп билдирген мэр.

Мэр батирде жашагандардын көбү карантинден улам убактылуу ишсиз калып, оор абалга туш келгенин белгилеген. 

Ташкентте ижарага батир алып жашагандардын саны боюнча расмий статистикалык маалыматтар жок. Шаарда батирдин бир чарчы метри үчүн ээлери 20-100 миң сумдан (2-10 доллар) алышат.