Күйүүчү майды мыйзамсыз саткан дагы бир факт аныкталды
Кемин, Чүй райондорунда жана Токмок шаарында күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу менен күрөшүү боюнча рейд уюштурулду.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзамсыз сатуу фактылары Токмок шаарында үч жерде жана Арал айылында 1 жерде аныкталды.
«Учурда мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келгендерди аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.