22-мартка карата Токтогул суу сактагычында 8 млрд 826 млн куб метр суу бар

22 марта 2021, 10:00

Бүгүн, 22-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 826 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 100 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 401 куб метрге жетүүдө.