Төрөбай Зулпукаров: «Мамлекеттик лотерея компаниясынан бюджетке каражат түшө элек»

31 октября 2019, 10:18

«2016-жылдын 17-июнунда Мамлекеттик лотерея компаниясы түптөлгөн», - деп айтты депутат Төрөбай Зулпукаров 31-октябрдагы парламенттин жыйынында. 

Анын айтымында, 2016-жылы компанияга 10 млн сом, 2018-жылы – 20 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө бюджетке компаниядан эч кандай каражат түшкөн эмес. 

«Бардык кумар оюндарына тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун киргизүүгө, өкмөт бюджетке кийинки жылы 150 млн сом, ал эми 2-3 жылдан кийин 300 млн сом  түшөөрүн айтып, каршы болгон. Менин билишимче, бюджетке эч кандай каражат азыркы күнгө чейин түшө элек. Бул тууралуу Өкмөт ойлонушу керек», - деп билдирди депутат.