Түшкөн каражаттардын туура сарпталышын көзөмөлдөө үчүн байкоочу кеӊеш түзүлөт

26 марта 2020, 16:50

Коронавурус менен күрөшүү үчүн жардам катары берилип жаткан акча каражаттардын туура сарпталышын көзөмөлдөө үчүн байкоочу кеӊеш түзүү пландалууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ал белгилегендей, жардам катары берилип каражаттар Каржы министрлигинин эсебинде топтолууда. Ал каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөй турган байкоочу кеӊештин курамына Жогорку Кеӊештин депутаттары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылат.

Ал, коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке 35 млн 294 миң келип түшкөнүн билдирди.

«Алар кайда жана канча каражат жумшалганы боюнча жума сайын отчет көрсөтүп турушат. Бүгүнкү күндө бул каражаттардан бир дагы тыйыны коротула элек», - деди Асрандиев.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Москва районунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.