Улуттук банк 200 млн сом мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырат
26-июнда 2 жылдык мөөнөттүү Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
Эмиссиянын жалпы көлөмү 200 млн сомду түзөт. Баалуу кагаздардын кирешеси - 5% түзөт.
Кошумчалай кетсек, 22-июнда 62.24 млн сом өлчөмүндөгү 5 жылдык баалуу кагаздарды кошумча жайгаштыруу болуп өткөн.