Кыргызстандан чыгарылган 48,3 млрд доллар тууралуу Улуттук банк түшүндүрмө берди

29 ноября 2019, 11:31

Кечээ Жогорку Кеңеш экинчи жана үчүнчү долбоордо 2020-жылдын республикалык бюджетин кабыл алып, 2021-2022-жылдардын бюджетинин божомолун карап жатканда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын банктарынан былтыр 48,3 миллиард доллар чет өлкөгө которулганын айтты.

Улуттук банк бул мыйзамдуу операция экенин 24.kg агенттигине түшүндүрдү. Анда айтылган сумма, коммерциялык банктардын баардык операциялары боюнча жүргүзүлгөн каражаты болгон.

«2018-жылы өлкөнүн коммерциялык банктары 88,6 миллиард доллар суммасында операцияны ишке ашырышкан. Быйылкы 1-жарым жылдыкта ушундай эле операциялардын көлөмү 48,1 миллиард долларды түздү», — деп билдиришкен Улуттук банктан.

Адистердин айтымында, коммерциялык банктар белгилүү бир мезгилде операциялык ишмердүүлүгүнүн алкагында көп сандаган өз каражатын чет өлкөгө чыгарып, кайра аны республикага багыттай алат. Тактап айтканда, каржылардын айланпасы болот.