Уран Кыргызстанда пайдалуу кен макамынан алынышы күтүлүүдө
Мамлекеттик кен казуу, энергетика комитети Кыргызстанда уранды пайдалуу кен катарынан чыгарууну карашты.
«Рич Маунт Гонконг» кытай компаниясынан уранды пайдалуу кен тизмесинен чыгарып салуу арзы келип түшкөн.
Бул компания №3738 МР лизенциясына ээ болуп, аны 2014-жылы Бозтектирде бериллий, уран, вольфрамга гелогиялык чалгындоо жана казууга уруксат алган.
«Жакынкы арада мамлекеттик комитеттин лицензия комитети карап чыгып, чечим кабыл алат», — деп билдирди ведмстводо.