2018-жыл валюталык рынок туруктуу болду-Абдыгулов

3 июля 2019, 13:41

2018-жылы  валюталык рынокто туруктуулук болгондуктан, экономикада финансалык  стабилдүүлүк сакталды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов  парламенттик жыйында билдирген. 

Анын айтымында жыл ичинде акчанын алмашуу курсу 1.5% өсүп, ал 69.85 сомдү түздү ( 2017-жылдын аягында 68.8395 сом болгон).

«Валюталык соодада Улуттук банк өз таасирин төмөндөтүүдө. Кескин серпилүүгө жол бербөө максатында валюталык интервенция жасалды. Алардын саны өткөн жылга караганда эки эсе азайды —  болгону 11 интервенция жасалган. Баардык интервенциялар дүйнөлүк экономикадагы серпилүү менен дисбаланска туш келди», —деп түшүндүрдү Абдыгулов.

2018-жылы АКШ лолларын сатуунун жалпы көлөмү $147.7 млн болгонун кошумчалады.