2019-жылы билим берүү тармагына 29.3 млн сом каралган
2019-жылы республикалык бюджеттен билим берүү чөйрөсүнө 29.3 млн сом каралган. Анын 74.8% 120 миң кызматкердин айлык маянасына жумшалат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызстандын билим берүүдөгү заманбап багыттары» аттуу педагогикалык кеңешмесинде сөз сүйлөп жатып, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөрүн билдирди.
Эмгек акысын көтөрүү төмөнкүлөргө тийиштүү:
- жалпы билим берүү уюмдарынын 77 миң 860 мугалими;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 7 миң 694 тарбиячысы;
- кесиптик-техникалык окуу жайлардын 3 миң 680 өндүрүштүк окутуу мастери;
- орто кесиптик окуу жайлардын 7 миң 427 окутуучусу (училище, колледждер);
- билим берүүнүн башка 23 миң 339 кызматкери.
Эмгек акы төлөө фондунун көрсөтүлгөн суммасынын 69% педагогикалык кызматкерлерге жана 11,5% административдик-башкаруу кызматкерлерине (окутуу-тарбиялоо кызматкерлери) төлөнөт.
Өкмөт тарабынан 2019-жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүү сунушталууда.