“Мектептердин 98% интернет менен камсыз болду” - деген маалыматка эл өкүлдөрү ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

16 сентября 2019, 10:33

Өкмөттүн Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү бала-бакча, мектеп, ЖОЖдун абалдары жана мектепке болгон электрондук каттоо тууралуу маалымат берди. 

Берилген маалымат боюнча, учурда Кыргызстандын 98% мектеби интернет менен камсыз болгон. Бирок, кээ бир эл өкүлдөр Билим берүү министрлигинин бул  берген маалыматына ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Депутат Кубанычбек Нурматов, жакында Түштүк региондордогу  мектептерди кыдырганда интернет эмес, компьютер жок мектептерге күбө болгонун айтты. 

 “Республиканын түштүк районундагы мектептерге капиталдык ремонт керек, бардык предметтер боюнча китептер жетишсиз. Кээ бир мектептерде компьютер жок, болсо дгы алар иштебейт” – деп билдирди Нурматов.