Аткезчилик жол менен казак кондитердик азыктарын ташып бара жаткандар кармалды
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан, кыргыз-казак мамлекеттик чек арада жайгашкан “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пунктунан кондитер азыктарын мыйзамсыз ташыгандар кармалды.
Маалыматка ылайык, 198 миң кагаз капка 2.9 млн сомду өткөрүп бара жаткан 2 машина кармалды. Текшерүүдө каражатты тастыктаган документтер жок болуп чыккан.
Андан сырткары, импорттоочулар 1.4 млн сомго барабар болгон, 21 тоннага жакын кондитердик азыктарды, 20 тонна аралаш тоютту, 3 тонна арбузду, 1.5 тонна балмуздакты эч кандай тастыкточу документтери жок чыгарып кетүүнү көздөшкөн.
Мыйзам бузуучулардын иши КР Өкмөтунө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүп беришкен.