2018-жылы Кыргызстанга $851.7 млн түз инвестиция келген

30 мая 2019, 11:55

Ишканалардын отчетторунун негизинде 2018-жылы  түз тартылган инвестициялардын суммасы  $851.7 млн жеткен. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. 

2017-жылга салыштырсак, түз инвестициялардын агымы 38.1% өскөн. Бул учурда кирген агым чыккан агымды $144.2 млн ашкан. 

«Түз инвестициялардын курамында баардык курамдарда жогорулоо болгон», — деп билдирет Улуттук статкомдон.

Айтмакчы, күтүлгөн айрым түз инвестициялардын көлөмү  $569.8 млн 2017-жылга салыштырмалуу  7.6% кыскарган.