Кыргызстана көмүскө экономика ИДП 23% түзөт

15 июля 2019, 12:40

 Кыргызстандын көмүскө экономикасынын көлөмү ички дүң продукцияга карата 23%ды түзөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин орун басары Автандил Алыбаев  маалымат жыйынында билдирди. 

Алыбаевдин айтымында, расмий эмес маалыматтар боюнча көмүскө экономиканын көлөмү болжол менен 30-40%ды түзөт.

Ал белгилегендей, Экономиканы көмүскөдөн чыгаруу үчүн санариптик технологиялар киргизилүүдө.

«Мисалы, салыктарды фискалдаштыруу электрондук системасы экономиканын белгилүү бир бөлүгүн көмүскөдөн чыгарат. Улуттук банк жана өкмөт тарабынан ишке ашырылган накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнү жогорулатуу боюнча мамлекеттик программа бар»,  - деди Алыбаев.