Кыргызстанда уранды изилдөө жана казууга тыюу салынды
Радиоактивдүү элементтерди (уран) изилдөө жана иштетүү иштерине тыюу салынды Радиоактивдүү элементтерди (уран) геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынды.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, мыйзамдык жөнгө салууга чейин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы № 3027-VI «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн радиоактивдүү элементтерди (уран) геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынды.
- Радиоактивдүү элементтердин (уран) калдык сактоочу жайларын жана кен калдыктарын рекультивациялоо боюнча иштерге тыюу салынбайт. Кыргызстан Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.