50 тонна мыйзамсыз ташылган мунайзат кармалды

10 июня 2019, 14:00

Ушул жылдын 3-8-июнга чейинки аралыкта  «Чоң-Капка-автожол» өтмөгүнөн эки жүк ташуучу машина кармалып, MAN машиналары атайын  жайга токтотулду. Анда 50 тонна мунай заты (бензин) мыйзамсыз ташылып бара жаткан жеринен колго түштү. 

Чек арадан өтүп жаткан документке ылайык 50 тонна жеке ишкана «М.С.» таандык болуп, бирок анда меш жагууга каралган отун катары төмөнкү  сапаттагы май катары көрсөтүлгөн. 

Жогорудагы факт кылмыш катары Бирдиктүү реестерге катталып, анда Бузуулар боюнча кодекстин  231 беренеси  1  бөлүгү  «Салыктан же бюджетке башка милдеттүү төлөмдөн качуу» катары бааланды.

«Сотко чейинки териштирүүдө МАН машинасынын ээси буга чейин төлөбөй качкан 100 миң акциздик салыгын төлөгөн», — деп билдирет Кыргызстандын финансы полициясы.