Кыргызстанга документи жок там чек арадан кирбей калды

10 июля 2019, 09:08

Мамлекеттик  салык кызматы кыргыз-казак чектешкен  «Ак-Тилек»  чек ара өткөрмөсүндө  модулдук тамды документи жок болгондугу үчүн кармап, Кыргызстанга киргизилген жок. 

Россиядан модулдук үй алып келе жаткан автомашина кармалды. Анын  аянты 80 кв метр болуп, ичинде керектүү эмереги менен алынып келе жаткан. Тамды ташып келе жаткан адамдын товарга тиешелүү документтерижок болчу. 

айтмакчы Евроазия экономикалык  Биримдигине кирген мамлекеттерде  жеке колдонуу үчүн айрым товарларга коштоочу документи жок эле чек арадан алып кирсе болот. Ал эми модулдук үй бул тизмеде  каралган эмес. 

Учурда автомашина айып аянтына токтотулуп, мыйзам бузуу боюнча факт экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматына териштирүүгө берилди.