Кыргызстандагы жумушсуздардын 50% аялдар түзөт

30 мая 2019, 09:00

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, республикадагы 99.5 миң адам жумуш издегендер. Алар мамлекеттик органда жумушсуз катары катооодо турушат. Акыркы мезгилде жумуш издеген адамдардын саны 2018-жылга салыштырганда  19.2%  өстү. , 

Жумушсуз деп расмий каттоодон  өткөн 79.4 миң кыргызстандык, бул былтыркыга салыштырганда  28.3% көп. 

Жумушсуздар боюнча Жалал-Абад лидер болуп,  анда 25.8  миң адам ишсиз олтурушат. Ош областында,  18 миң, Баткенде – 10.9 миң адам жумуш издегендер. .Бишкекте  5.4  мин жашоочу, Ошто 2.5 миң адам жумушка муктаж. 

«Жалпы жумушсуздардын арасында 49.9% – аялдар түзөт. Катталган жумушсуздардын деңгээли активдүү экономикалык калктын ичинде  3.1% түзөт», – деп билдирди Улуттук статистика комитетинде.