Кыргызстанда жумушсуздар 27% өстү

22 июля 2019, 09:05

Кыргызстанда расмий жумушсуз деп катталгандардын катары көбөйдү. 2019-жылдын июнь айында  82.7 миң  адам жумушсуз. Бул тууралуу финансы министрлиги Улуттук статистика комитетине таянып жазып чыкты. 

Эгерде өткөн 2018-жылдын дал ушул мезгилине салыштырсак, анда жумушсуздардын саны  27% өскөн. 

Ошол эле мсаалда январь-майдагы орточо айлык акынын суммасы  4.3%, аны акчага айлансак анда  16  миң 20 сомду түзгөн.