Кыргызстандын тышкы карызы $29.1 млн өскөн
2019-жылдын 5 айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө 10,7 млрд сом жумшалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги билдирди.
2019-жылдын январь-май айларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (тышкы+ички) карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 10 млрд 684 млн 246,6 миң сом сарпталды, анын ичинде:
- мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 5 млрд 627 млн 830,8 миң сом;
- мамлекеттик ички карыз боюнча – 5 млрд 56 млн 415,9 миң сом.