Кыргызстанда мыкты айыл өкмөтү аталды

26 июля 2019, 09:32

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине дем берүү максатында  “Эң мыкты айыл өкмөтү”  жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аныкталып, сыйланышты:

биринчи топтун арасынан:

-  I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен – Талас облусунун Манас районунун Май айыл өкмөтү;

-  II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтү;

-  III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен – Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтү;

экинчи топтун арасынан:

-  I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен – Жалал-Абад  облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтү;

-  II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтү;

- III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен – Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Болот Мамбетов айыл өкмөтү.

Сыйлык тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны учурунда өттү.