Кыргызстанда Россия менен түзүлгөн $6 млрд келишимдер иштей баштады

15 мая 2019, 09:50

Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Россия Федерациясынын менен Кыргызстандын  Президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын айрым пункттарын аткаруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

«Белгилүү болгондой, 2019-жылдын мартынын соңунда Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары менен келип кетти. Сапардын жыйынтыгы боюнча ар башка тармактарда өз ара пайдалуу кызматташууну күчтөндүрүүгө багытталган бир катар келишимдерге жетишилди. Бул макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде Россия Федерациясынын Иркутск, Сургут, Түштүк-Сахалинск жана Якутск сыяктуу шаарларында пландаштырылган Кыргыз Республикасынын Элчилигинин канцелярияларын ачуу деңгээли көбүнесе бизден көз каранды», – деп ырастады ал.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, 2020-жылы Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын Жылын жана Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын Жылын өткөрүү сунушталды.

«Ошону менен бирге 8-чи кыргыз-россиялык региондор аралык конференциясынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды өз убагында аткарууга өзгөчө көңүл буруу керек. Улуттук санариптик долбоорлорду ЕАЭБ санариптик күн тартибине шайкештөө, соода, мунай-химиялык өнөр жай, энергетика жана айыл чарба тармагында кызматташууну кеңейтүү маселелерине назар салуу зарыл», – деп жыйынтыктады вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.