Кыргызстанда Таджикстандан мыйзамсыз ташылган тамекилер кармалды

24 мая 2019, 11:26

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка
каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мыйзамсыз тамеки ташыган адамды кармады. Кызыл-Кыя (Баткен областындагы) жана  Кадам-Жай райондук бөлүмү  «Тойота Камри» унасын кармап, андан  Таджикстандан ташылып келе жаткан тамекилер кармалды. 

Колго түшкөндө  16 миң Rothmans  тамеки Таджикстандын акцизи менен кармалып,  айдоочунун айтында ал аткезчилик менен ташылып, Бишкектин базарларында сатууну көздөгөн. 

 КР соода палатасынын жыйынтыгы боюнча бул контрабандалык товардын дүңүнон баасы 800 миң сомду түзөт. 

Бул факт жоруктардын бирдиктүү реестринде каттого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин   223 беренесинин 2-чи бөлүгү  менен кылмыш иши ачылды. 

Учурда  тергөө  иштери жүрүүдө.