Лейлекте Таджикстандан келген мыйзамсыз мунай кармалды

13 июня 2019, 10:15

Баткен областынын Лейлек районундагы финансы полициясы  кезектеги мыйзамсыз мунай заттын кармады. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка
каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен, Сүлүктүү бөлүмү мыйзамсыз мунайды кармашты. Анда Таджикстандан 30 тонна мунай заты Кыргызстанга ташылып келе жаткан. 

Кармалган авто унаа камакка алынып, тергөө иштери уланууда. Мыйзамсыз ташылган мунайзаттарга каршы активдүү күрөш уланууда.