Казахстанда ислам банктарында аманаттардын саны 11% өскөн

17 мая 2019, 10:15

 2019-жылдын март айында ислам банктарынын активдери  жылына 15.8%  өсуп, жалпы суммасы 50.1 млрд теңге жетти. Бир жыл мурда активдер 43.2 млрд теңге болуп, өсүү 16.2%. Бул тууралуу  finprom.kz билдирди. 

Ага карабай Казахстандын финансы рыногунда ислам банктарынын активдери болгону—  0.2 пайыз. Казахстанда эки ислам банкы: Al Hilal менен «Заман-Банк» иштейт.

Айтмакчы, ислам банктары анын бирин гана аткарды. Al Hilal жыл ичинде  өз активдерин 0.2% өстүрүп, марттын аягында сумма 27.5 млрд теңге жеткен. Ошол эле маалда «Заман-Банктын» активдери  43.1%,  15.8 млрд дан 22.5 млрд теңге жеткен. 

«Эки ислам банкынын биргелешкен портфели 25.1 млрд теңге болуп, жылдык өсүү  20.9% түздү. Ссудалык портфель «Заман-Банкта» 12.9 млрд дан 14 млрд теңге көбөйүп,  Al Hilal банкынын—  акчасы  7.8 млрд дан 11 млрд теңге жеткен. Негизи банктар юридикалык жактарды каржылашат. 2018-жылдын экинчи жарымында  Al Hilal  банкы Казахстанда биринчи жолу ипотекалык насыялын сунуштап чыкты», —деп билдирди  басылма. 

Ислам банктарындагы аманаттардын суммасы 11.6 млрд теңге болуп, жылдык кирешеде 10.5% өсү бар. Аманаттарды салууда юридикалык жактар: 89%, анын суммасы 10.3 млрд теңге теңгелген. Ушул эле учурда жеке жактардын дагы салымы жыл ичинде —  4% дан 11% жогорулап, марттын аягында анын суммасы 1.3 млрд теңге жеткен. 

«Жеке адамдар арасында кеңири жайылган финансы инструменти — мудараба аманаттары(инвестициялык депозиттер)  жана вакала (агенттик келишим, кардар каражатын банкка ишенип берип, ал каалаган тармакка инвестиция жасайт)», — деп билдирди  finprom.kz басылмасы. 

Ушул жылдын март айында малазиянын  CSQ Law  юридикалык компаниясы жана ислам каржылоосу боюнча алдынкы адис  Мадзлан Хуссейн Казахстандагы ислам каржылоосу боюнча атайын изилдөөнү жарыялашкан. 

Алардын билдиргенине караганда ММК аркылуу ислам каржылоосу тууралуу кеңири маалыматтарды жөнгө салуучу, катышуучулар жана  калк арасында таратуу зарыл.  Азырынча:  Казахстанда ислам түшүнүгү боюнча жарандар арасында 78%  калк маалыматка ээ эмес. Ошондуктан алар, ислам жана кадыресе каржылоону айрымалай алышпайт. А эгерде туура маалыматтар жеткирилсе, эл ислам каржылооосун кенири пайдалана баштамак.