Казахстанда IT кызматынын кирешеси өскөн

15 июля 2019, 09:35

Жылдан жылга компьютердик программалоо кызматтарга, кеңеш берүүгө суроо талап көбөйгөн. 2019-жылдын январь-март ай аралыгында  кызматтын көлөмү көбөйүп, 46.9 млрд теңге жетип, жыл ичинде 38.7% жогорулаган деп билдирет   finprom.kz.

Жеке жактарындын көлөмү 133.6% жеткен.

Казахстан санариптештирүүнү активдүү  улантууда. Июль айынын башында «Улуттук маалыматтык технология» жана «Казпочта» АК  eGov.kz порталында айып пулду төлөө порталы ачылып, уюлдук телефон аркылуу  тиркеме аркылуу төлөө каралган. 

Дагы бир демилге калкты каттоого алуу жасалат: 2020-жылы эл каттоону электрондук вариантта жүргүзүп, ага 9 млрд теңге каралууда.

Мындан тышкары  Казахстан 5G киригизүүнү каалаган он алдынкы мамлекеттин катарына кирет. Бешинчи муундагы интернет 3G/4G/LTE караганда алда канча ылдам жана сапаттуу.  2019-жылы долбоордук  сыноо Казахстандын үч  негизги шаарлары — Нур-Султан, Алма-Ата жана Чымкентте  киргизилет.