Россия боюнча Москвада банкрот болгондор көп
2019-жылдын I-кварталы боюнча россиялыктардын арасында 764.72 миң адам банкрот деп таанылып, ал жалпы карыз алгандардын 1.3% түзөт. Банкрот болуп карызын төлөй албагандардын орточо карыздары 1.74 млн рубль.Былтыркы жылга салыштырмалуу банкрот болгондордун саны 11% өскөн. бул тууралуу Бириккен Кредиттик Бюро ( Объединенным Кредитным Бюро (ОКБ) ) «Федресурс» мсенен биргеликте изилдөө жасаган.
Жеке ишкер жана жеке компаниясы бар ишкерлерге карата банкрот деп таануу процедурасы 48% өскөн. «Банкроттошу продедурасы» мыйзамы менен Россияда 107.6 миң адам колдонгон.
«Ингушетияда ачылган эсептери менен банкрот болгондордун саны– 3.2%, Бурятияда – 2.5%, Магадан областында – 2.4%, Карачай-Черкесияда – 2.3%, Саха республикасында (Якутия) – 2.2% жеткен. Бирок, Россиядагы потенциалдуу банкротчулар Москва шаарында – 72.38 миң адам болуп катталды, Москва облусунда – 54.37 миң адам, Санкт-Петербургда – 41.77 миң, Краснодар аймагында – 33.1 миң адам жана Свердлов областында – 27.8 миң адам», – деп жазылган изилдөөдө.
Реалдуу банкрот болуп, баардык байлыгынан кол жууйт деген адамдардын саны менен карасак, 2019-жылы Москвадагы банкрот болуучулардын саны – 1 миң 33 адам, Москва областында – 778 адам, Санкт-Петербургда – 624 адам, Башкортостанда – 569 адам жана Самара областында – 567 адам.
Крымда эң төмөнкү көрсөткүч – 0.2%, Севастополда – 0.3%, Ненецкий АА менен Чеченстанда – 0.4%, Алтай аймагы менен Курск областында – 0.7%.