Россияда СССРден калган 10 миң стандарттарды жокко чыгарат

3 июня 2019, 09:00

 Россияда СССРден калган мамлекеттик стандарттар боюнча 10 миңдей  талапттар жокко чыгарылат. Бул тууралуу  Росстандарттын башчысы  Алексей Абрамов  журналисттерге билдирди.

Анын айтымында бул МАМстандарттар бизнес жүргүзүүгө жана экономикалык өсүүгө тосколдук жаратууда. 

«Булар негизинен эскирген талапттар,  «советтик  МАМСТАНДАРТАР» (1991 -жылга чейин кабыл алынган мамлекеттик стандарттар) жакынкы  аралыкта өзгөртүлуп же такыт жоюлат», — деп билдирди Алексей Абрамов.