Чолпон-Атада Евразия экономикалык комиссиянын жыйыны өтүүдө

9 августа 2019, 10:22

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков  учурда Чолпон-Атада өтүп жаткан  Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынына катышууда.   

Жыйында Евразия экономикалык союзунун итеграциялоо жана биримдикте жөнгө салуу боюнча маселер талкууга алынды. 

Эми ЕАЭБ  кирген мамлекеттер ортосундагы эмгек келишимдери талкууга алынып, анда айдоочулардын эмгек эрежелери талкууга алынды. Ошондой эле, «Цифровой сервис «Контрагент ЕАЭС» сыяктуу кызматтар  киргизилүүдө. 

Мындан тышкары, бажы-тарифтик жөнгө салуу, карайлып айрым тармактар боюнча жеңилдиктер каралууда

Бул жыйында ЕАЭБ кирген мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык алакалар боюнча 40 ашык маселе талкууга алынып,  каралууда.