Казахстандан ташылган мыйзамсыз мунай заттан 6.5 млн сом казынага түштү

2 июля 2019, 12:17

Казахстандан  Кыргызстанга ташылган мыйзамсыз мунай заттардан  казына көп чыгаша тартууда.  «П.П.К.»  ЖЧК  компания сотко чейинки териштирүү маалында казынага  6 млн 543 миң  сом төлөштү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Акча атайын депозитке которулган. 

Буга чейин коопсуздук кызматы тарабынан  Казахстандан темир жол аркылуу мунай заты мыйзамсыз ташылып, ал чийки  зат катары көрсөтүлүп, жалган документтер менен коштолуп кирип турган. 

Атайын  оперативдүү-тергөө иштери маалыда  «Кара-Арча» нефти базасы менен «Кант» темир жолунда беш вагон цистерн ГСМ кармалып, жасалма документтер менен  Кыргызстанга киргени аныкталган.