Июль айында Жогорку Кеңешти камсыздоого $696 миң коротулган

6 августа 2019, 09:12

Кыргызстандын финансы министрлигинин  маалыматы боюнча  2019-жылы республикалык бюджеттен  Жогорку Кеңешти камсыздоого   48 млн 599.9миң сом, же $696 миң 74.1. каражат коротулган. 

Анын көпчүлүк бөлүгү — 72%, же  34 млн 902.9 миң сом, — айлык акыга жумшалган. 

Калган акчанын суммалары социалдык камсыздоого — 4 млн 654.4 миң сом,  товар менен кызматтарга кетирилген чыгашалар — 7 млн 900.1 миң сом, коммуналдык кызматтарга— 746.9 миң сом, калкка социалдык жардам көрсөтүүгө — 45.7 миң сом жана негизги фонддор үчүн — 350 миң сом. 

Республикалык бюджеттин жалпы кассалык чыгашалары  10.5 млрд сомго жетти.

Айтмакчы, 2019-жылдын июнь айына салыштырганда бюджеттин ведмстволорго карата чыгашасы   27.3 млн сомго, же  $391 миңге кыскарган.