Жогорку Кеңеш июнда $1 млн сом короткон
Кыргызстандын финансы министрлиги 2019-жылы июнь айында Жогорку Кеңеш кетирген чыгаша 75 млн 924.7 миң сом, же $1 млн 94.55 миң болгонун билдиришти.
Чыгашанын басымдуу бөлүгү — 73%, же 54 млн 555.7 миң сом — айлык акыга кетирилген.
Калган каражаттар социалдык төлөмдөргө — 6 млн 592.3миң сом, товар сатып алуу же кызмат көрсөтүүгө — 13 млн 750.4 миң сом, коммуналдык кызматтар — 1 млн 8.2 миң сом, социалдык камсыздоо — 6 миң сом жана негизги фонддор — 12 миң сом сарпталган.
Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, 2019-жылдын I жарымында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 12.6 млрд сом суммасында жумшалган.
Айтмакчы, 2018-жылдагы июнь айына салыштырганда ведмстволорго кетирилген жалпы чыгашалар 86.9 млн сомго жетип, ал эми бюджеттен айлык акы алгандардын чыгашасы 254.1 млн сомго кыскарган.