ЕАЭС мамлекеттеринин сырткы соода жүгүртүүсү 351.3 млрд $ түзгөн

6 сентября 2019, 17:58

Сырткы соода жүгүртүүнүн көлөмү ЕАЭСке кирген мамлекеттердин – ЕАЭСтен тышкаркы мамлекеттерге  январь-июнь айында 351,3 млрд АКШ долларын түзгөн. Ошону менен бирге экспорт товар – 225, 2 млрд АКШ долларын, импорт – 126, 1 млрд. АКШ долларын түзгөн.

2018-жылдын январь-июнь айына салыштырмалуу тышкы соода жугүртүүнүн көлөмү 2,2% азайган.  Сумма менен бул көрсөткүч – 7 813,7 млн. АКШ долларын түзөт. Экспорт – 3% (7 063,2 млн. $), импорт – 0,6% (750,5 млн $). 

Тышкы соода жүгүртүүдөн Орусияга – 83.6%, Казакстанга – 10.2%, Беларусияга – 4.9%, Арменияга – 0.7% жана Кыргызстанга – 0.6% үлүш түшөт.